Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.08.2016 10:01

Ысык-Көлдөгү милиционерлер элге баңгизат топтоонун мыйзамсыз экендигин түшүндүрдү

Turmush -  Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери кара куурайды жыйноо мыйзамсыз экендиги боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ОИИБдин баңгизаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, баңгизатка байланышкан кылмыштар боюнча аялдар да кармалып жатат.

Ак-Суу району боюнча 113 гектарда кара куурай өскөндүгү аныкталган. Милиционерлер Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, мыйзамсыз иштерден оолак болууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×