Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 03.08.2016 09:44

Ысык-Көлдүн жээгинде КМШнын өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик сессиясы өтүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдүн жээгинде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин жер казынасын чалгындоо, коргоо жана колдонуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик XX сессиясы өтүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Өкмөттөр аралык кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп КМШнын алкагында жер казынасын чалгындоо, колдонуу жана коргоо тармагын изилдөө боюнча кызматташуунун өнүктүрүү саналат.

Өкмөттөр аралык кеңешке төрагалык кылуу 2017-жылга чейин Тажикстандан Кыргызстанга өткөрүлөт.

Иш-чарага Кыргызстандан, Молдовадан, Белоруссиядан, Казакстандан, Россиядан, Тажикстандан келген эксперттер жана мүчөлөр катышууда. Конок жана байкоочу катары Кытай, Монголиядан өкүлдөр келишет. Ошондой эле, «Руда жана металлдар» басылмасынын шеф-редактору, профессор Александр Воробьев да чакырылган.

Сессияда кыргыз тараптан вице-премьер-министр Олег Панкратов, Энергетика, кен пайдалануу жана өнөр жай боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Аскат Акибаев катышууда.

Сессиянын катышуучулары КМШ өлкөлөрүнүн геологиялык кызматтарынын 2015-2016-жылдардагы ишинин жыйынтыгын дагы чыгарышат.

Ошондой эле, бир нече тема боюнча докладдар окулат. Мындан тышкары, чет элдик коноктор Кыргызстандын жаратылышы жана маданияты менен таанышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×