Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.08.2016 17:03

Түптүн Ичке-Суу айылындагы мектептин курулушу каражаттын жоктугунан токтоп турат

Turmush -  Түп районунун Ичке-Суу айылындагы мектептин курулушу каражаттын жоктугунан токтоп турат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы сентябрда башталган.

«Элдияр Строй» ЖЧКсы курулуш иштерин жүргүзүүдө. Курулуштун жалпы сметалык баасы 46,1 миллион сомду түзөт. Тендердин жыйынтыгы менен курулуш иштери башталгандан бери 3 миллион сом жумшалган. Ал каражатка мектептин пайдубалы бүткөрүлгөн. Эми каражаттын жоктугуна байланыштуу курулуш иштери токтоп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×