Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ой-пикир: Кеп лицензияда эмес, ак-талаалыктарды көмүр отуну менен камсыздоодо, - жергиликтүү тургун

Turmush -  Кыргыз элинде «Адал иштеп, ак эмгек кыл» деген насааттуу асыл кеп бар эмеспи. Ал кезде ушундай болсо керек. Адал иштеп, ак эмгек кылып, анын убайын көрүп, урмат-сыйга ээ болушса керек. Бирок, учурда саясатыбы, көрө албастыктарбы же бут тосууларбы, айтор кимиси кандай ким билсин, иштеп жаткан ишкерлер айрым кезде сыздап кетишет...

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаман-Даван суусунун башында же Кашка-Суу жайлоосунун чордонунда «Турук» көмүр кени жайгашкандыгы баарыбызга белгилүү. Элдин айтымына караганда, элди көмүр отуну менен камсыздап келген бул кенде көмүр казып өндүрүү боюнча Кыргызстандагы олигарх, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевге таандык «Сардар» жоопкерчилиги чектелген коому 20 жылдан бери көмүр казуу, аны сатуу иши менен шугулданып келген. Мындан 5 жыл мурун Ак-Талаанын Коңорчок айылынан чыккан жеке ишкер Кылыч Ысамамбетов ак-талаалыктардын колдоосу менен аталган көмүр кенинен көмүр казууга лицензия алат.

Ал кезде кандай болгонун ким билет, кыскасы, чыр-чатак, уруш-талаш менен алышат. Ошондон бери жеке ишкер К.Ысамамбетовго таандык «Кенч-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому элди көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыздап келди. Алтургай, Ак-Талаадагы баардык мамлекеттик мекеме-ишканалар менен келишим түзүп, алгылыктуу иштеп, көмүрүн өз убагында жеткирип берип турду. Албетте, иш бар жерде кемчилик бар дегендей, айрым убактарда кемчиликтер кетсе керек. Бирок, олчойгон кемчилиги деле көрүнгөн эместей. Анан не болду?

Быйыл аталган «Кенч-Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр казууга деген лицензиясы Мамлекеттик геология агенттиги тарабынан жокко чыгарылып, айтор сотко чейин сүрүшүп барышып, учурда бул ишти сот карап жаткан учуру экен. Аталган фирмга кенди туура эмес казды деген айып жабылган.

Бул жерде күдүк ойду пайда кылган суроо – 20 жылдан бери көмүр казып келген «Сардар» жоопкерчилиги чектелген коому эч бир кемчилик кетирген жокпу же К.Жолдошбаевдин депутаттык кызматынын пайдасы кыйла тийип жатабы?.

Ал эми, «Кенч-Строй» ЖЧКсынын 5 жылда мамлекетке канча салык төлөгөндүгү туурасында жаза турган болсок, жер салыгы, транспорт салыгы, мүлк салыгы, кошумча нарк салыгы, сатуудан алынуучу салык, соцфонд болуп жүрүп отуруп, 5 жыл ичинде мамлекеттик салыктарга 11 млн 155 миң 597 сом каражат төккөн. Мындан тышкары, 5 жыл ичинде социалдык жардамга муктаж жарандарга 1 млн 264 миң 100 сомдун көмүрүн түшүрүп берген. Андан сырткары, экологияга 314 миң 761 сом төлөсө, соцпакет үчүн жана жайытка деп Ак-Чий айыл өкмөтүнө жыл сайын жарым миллиондогон каражаттарды төлөп берип келген.

Ал эми, «Сардар» ЖЧКсы соцпакет төкпөйт деп канчадан бери жергиликтүүлөр нааразы болуп келишүүдө. Мына ушундай, мамлекетке миллиондогон салыктарды төлөп келген «Кенч-Строй» ЖЧКсынын лицензиясы алынат дагы, башкасыныкы калып калат. Ушуга жан адам ишенеби?

Коркунучтуу Жаман-Даван суусун кырк жеринен кечип өткөн жол «Кенч-Строй» ЖЧКсы тарабынан толук жасалгандыгы айтууга татыктуу эмгек эле. Болбосо, ага чейин ал жолду ким жасаптыр? Эч ким! Бул жерде аталган фирмага жан тартып же кошомат кылып жаткан жерибиз жок. Болгону чындыкты айталы деп жатабыз.

Эгерде, барып, көрүп келип жаткан жергиликтүү тургундардын айтканына ишенсек, учурда кенге баруучу жолдон унаа эмес, мал өтө албайт. Бул биринчиси болсо, экинчиден кыш чукулдап калган кезде лицензиясын алып салышкандыгы эмнеси? Эрте эмес же эртең эмес...

Бул убакта көмүр казууга даярдыктар жүргүзүлүшү керек эле. Бирок, андан дайын жок. 2-3 айдан кийин Ак-Талаага кыш келет. Муну ким ойлоду? Эми ак-талаалыктар тээ Кара-Кечеден көмүр тартып келеби? Тартып келсе баасы канча сомду чапчыйт? Көпчүлүк тоннасы 5-6 миң сомду жөн эле чапчыйт деп билдиришүүдө. Ал эми аталган фирма жеринен 1200 сомдон гана берип, ортодо ташуучулардын эмгектери менен кошулганда элге 2500-3000 сомдон сатылып келген.

Жергиликтүү тургундар кандай кылат? Баягыдай токой-черди кыркабы? Айла жок, кыштын ызгаарына тоңгондон көрө, токой-черди кыюу иштери башталат. Анткени, көмүрдүн баасы көтөрүлүп кетсе ошондой жолго барышы мүмкүн.

Бир кездерде токойлор массалык кыюуга дуушар болгон. Анткени, көмүр жетишсиз эле.

Мына ушуга жергиликтүү тургундар нааразы болуп, иш сапары менен келген өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго дагы ушул маселе менен кайрылышкан. Жакында лицензияны кайтарып берүү талабы менен кайрадан элдик жыйын өттү.

Бийликтегилер муну адилеттүүлүк менен карап, чечип берип коюшса деген жергиликтүү тургундардын көйгөйү ушул.

Эгер эртелеп чечилбесе, анда кыштын азабын жергиликтүүлөр кыйла эле тартат. Бул жерде кеп «Кенч-Строй» ЖЧКсынын лицензиясын коргоо эмес, кеп карапайым калкты көмүр отуну менен камсыздоодо.

Автор: Адилет Сагынаалы уулу, Ак-Талаа районунун тургуну.

Автордун стилистикасы сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 13 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу