Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.07.2016 16:12

Коллегиядан кийин арыз жазган Ысык-Көлдүн акими Р.Имангазиев кызматынан бошотулду

Turmush -  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун акими Имангазиев Раимбек Акматтурсунович тууралуу буйрукка кол койду.

Өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде Р.Имангазиев ээлеген кызматынан бошотулду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Р.Имангазиев

Раимбек Имангазиев

Р.Имангазиев Ысык-Көлдүн акими болуп 2012-жылдын март айында дайындалган.

Мурда маалымдалгандай, 13-июлда облустук коллегия өткөн.

Күн тартибиндеги акыркы маселеге келгенде жыйын жабык эшик артында уланып, акимдердин, мэрлердин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгү, дисциплиналык аткаруучулук тууралуу маселе каралды. Анын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдеринин дарегине бир катар сындар айтылды.

Коллегиянын жүрүшүндө айтылгандай, Ысык-Көлдүн акими Раимбек Имангазиев менен Түп районунун акими Ишен Кожалиев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу премьер-министрдин атына арыз жазган.

Ал эми, Раимбек Имангазиев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазуусуна облус жетекчисинин каалоосу себеп болгонун билдирген.

Түп районунун акими Ишен Кожалиев учурда кызматын улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×