Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.07.2016 11:51

Ысык-Көлдө 27 бала диний көз караштан, көңүлү жоктугунан мектепке барбайт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 27 бала мектепке барбай жатат. Бул тууралуу облустук коллегияда бегилүү болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бүгүнкү иш-чарада облустун ар бир районунан бир нечеден окуучу мектепке барбай жаткандыгы белгиленди.

Ак-Суу районунда 2, Түп районунда - 3, Жети-Өгүздө - 2, Ысык-Көл районунда - 7, Тоң - 5, Каракол шаарында - 6, Балыкчы шаарында - 2 бала мектепке барган эмес.

1

Окуучулардын көпчүлүгүнүн ата-энелери диний көз караштан улам мектепке жибербейт. Балдардын мектепке барбай калуусуна айрымдарынын аз камсыз болгон үй-бүлөдөн экендиги, кээ бирлеринин ата-энеси ичкилик ичкени, айрымдарынын окууга көңүлү жоктугу себеп болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×