Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.07.2016 10:03

Элдик уламыштар: Кышкысын жылуу, жайкысын муздак аккан булактан аталган Жылуу-Булак айылы (фото)

Turmush -  Кышкысын жылуу, жайкысын муздак суу аккан булактан улам аты аталган Жылуу-Булак айылы Түп районунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Айыл тургуну Талапкер Кошкеевдин айтымында, айылда жер алдынан оргуштап чыккан Кайнар булагы бар. Булактын суусу кышкысын жылуу, ал эми жайкысын муздак болуп акчу.

Алгач бул айыл токойдун атынан улам Тегиз деп аталган. 1924-жылы элдер олтурукташып калгандан кийин Жылуу-Булак деп аталып баштаган.

Айылдагы алгачкы болуш Жакыпбек Кошкеев болгон. Ал казак-кыргыз жыйынына делегат болуп барган. Айыл эли жер алдынан чыккан жылуу суусу менен сыймыктанышат. Мындан тышкары, айылда Тешик-Таш деп аталган дагы бир ыйык жер бар.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жактагы Тешик-Таштын дагы өзүнчө сыры бар. Айрымдар бул ташты мазар деп атап, зыярат кылып кетишет.

Ал эми, кээ бир тургундардын айтымында, Тешик-Таш Манас баатырдын учурунда пайда болгон. Анткени балбандар жоодон сактануу максатында таштын бетин оюп жасашкан деген пикирлер айтылат.

Жылуу-Булак айылынан Ысык-Көлдөгү 7 акенин бири Карач аке, 5 баатырдын бири Өмүр баатыр чыккан. Алардын айкелдери айылга 2010-жылы тургузулуп, айылдагы мектеп Өмүр баатырдын ысымынан аталган. Карач аке эл-жерди коргоодогу эрдиги жана көсөмдүгү, акылдуулугу менен аке аталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×