Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.07.2016 13:13

Элдик уламыш: Шор-Булак айылынын жери туздуу болгондуктан жер-жемиш жакшы өспөйт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Шор-Булак айылында 200 түтүн эл жашайт. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан элеттин аталышынын таржымалын тактады.

Элеттиктердин айтымында, айылда нөшөрлүү жамгырдан кийин жер үстүндөгү топурак тузга айланат. Ошондон улам айыл Шор-Булак деп аталган.

«Айылдын топурагы туздуу. Андан улам Шор-Булак деп коюшкан. Мындан ары Бар-Булак деген элет бар. Бар-Булак, Шор-Булак айылдары ботокөз уруусунун жерлери болуп саналат», - деди айылдын аксакалы Илебес Ашырбаев.

Элеттин жери туздуу болгондуктан жашылча-жемиштер жакшы өспөйт.

«Мисалы өрүк отургузсак, 3-4 жыл жакшы өспөй турат. Өсүп чыкса майда өрүк болуп калат. Картошка дагы жакшы өспөйт. Өскөнүн малга тоют кылып беришет», - деп кошумчалады аксакал.

Элетте учурда 200гө жакын түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×