Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.07.2016 12:30

Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нурмат Орузиев шайланды

Turmush -  Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нурмат Турсунович Орузиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Суу райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, БШКнын токтомуна ылайык, 10-июлда Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында айыл өкмөт башчысын шайлоо өттү.

Жалгыз талапкер Нурмат Орузиев жетиштүү добуш топтоп, айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×