Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу 08.07.2016 17:14

Экс-депутаттын уулу Караколдун биринчи вице-мэри болуп шайланды (фото)

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында шаардын вице-мэри болуп Каниметов Адыл Жанкорозович шайланды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бүгүнкү сессияга 31 депутаттын 26сы катышууда. Депутаттарга талапкерди шаар мэри Данияр Арпачиев тааныштырды.

Сессияга катышкан депутаттардын бир добуштан колдоосун алган А.Каниметов Түп районунда 1977-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы
Кесиби юрист жана экономист.

2008-2012-жылдары Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты болгон.

А.Каниметов Жогорку Кеңештин IV чакырылыштагы экс-депутаты Жангороз Каниметовдун уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×