Нарындагы окуу жайды аяктап, эмгек жолун 1985-жылы Нарын автобазасында эсепчи болуп иштөөдөн баштаган. Ысык-Көлгө эс алып келип, болочок жолдошу менен таанышып калганын эскерди.
Г.Жаанбаева ачык мүнөзү, сүйкүмдүүлүгү менен болочоктогу жолдошунун тилин таап, ага турмушка чыккан. Алардын учурда 2 баласы бар. Ал көлдүк жигитке турмушка чыгууну жаш кезинде кыялданганын айтып, учурда Ысык-Көлдүн келини болгонуна ыраазы экендигин белгиледи.
Г.Жаанбаева 1994-жылы кайра куруу маалында жеке ишкерлик менен алектенип, 2012-жылдан бери Жети-Өгүз районундагы социалдык коргоо башкармалыгында эмгектенип келет.
Тоолуу аймакта ат минип, мал багуунун сырларын жакшы өздөтүргөн Г.Жаанбаева азыр деле жайлоого эс алганы чыкканда бала чагын эстеп, ат мингенди жактырат.
Социалдык коргоо башкармалыгында үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүн жетектеп, аз камсыз үй-бүлөлөргө жакындан жардам көрсөтүү, ата-энесинен ажыраган балдарды колдоого алуу максатындагы иштерди жүргүзөт. Учурда райондун аймагында 3 айым балдарын таштап, энелик укугунан ажыраганын кошумчалады.
«Үй-бүлө — кичинекей мамлекет. Аны сактап калуу үчүн жубайлар аракет кылуу керек. Ата-энесинен ажыраган балдарды көрүп жүрөгүм ооруйт. Айрым учурда мындай балдарды асырап алууну да максат кылам», - дейт ал өз сөзүндө.
Г.Жаанбаева иш тажрыйбасын жогорулатуу максатында бир катар мамлекеттерге чыгып, семинарларга катышып келет. Кылган эмгеги үчүн мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспектору болгон.
«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)
«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото)
«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)
«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)
«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)
Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)