Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.07.2016 11:25

Ысык-Көлдө 2016-жылы бруцеллез илдетине кабылган 44 адам катталган

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 4 айында бруцеллез илдетине кабылган 44 адам катталган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук медицина кызматкерлеринин координациялык отурумунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу көп.

Иш-чарага катышкан медицина кызматкерлери, ветеринарлар мындай кооптуу көрсөткүчкө мал арасындагы эпизоотикалык кырдаалдын начарлашы, ошондой эле менчик үйлөрдөгү мыйзамсыз касапканалардын арбыгандыгы себеп болгондугун билдиришти.

Жыйындын катышуучулары кырдаалды талкулоодон кийин бруцеллез оорусун алдын алуу жана аны азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын кабыл алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×