Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.07.2016 15:34

Балыкчыда артыкчылык аттестат алган окуучуларга акчалай сыйлыктар жана медалдар тапшырылды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында «Алтын тамга» аттестатын алган 4 окуучуга, шаар мэри А.Мамбетов алтын медалдарды тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алтын медалга ээ болгон Албина Кумарбекова, Мырзайым Жолдошбекова, Перизат Кубанычбекова, Малика Акимовага шаардык мэриядан 1000 сомдон, мэрдин өзүнүн атынан 1000 сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Сапаровнанын айтымында, кыздарга «Сары-Ой» комплексинин жетекчиси Кубан Бекбашев 2000 сомдон сыйлык берди. Быйыл Балыкчы шаарынан 11-классты 302 окуучу аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×