Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 29.06.2016 15:41

Түптөгү жумушсуз кыз-келиндер компьтердик курс окуп, стипендия алышты (фото)

Turmush -  Түптөгү «Билим» окутуу борбору райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн каттоосунда турган 14 адамга «Компьютердик сабаттуулуктун негиздери» боюнча 4 жумалык курсту окутуп, атайын сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына «Билим» окутуу борборунун директору Азамат Абдылдаев маалымдады.

«Биз Түп, Шаты жана Балбай айылдарынан келген жумушсуз 14 кыз-келинди 4 жума окуттук. Ал эми, социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмү алардын ар бирине 2 миң сомдон стипендия төлөп берди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×