Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.06.2016 16:11

Караколдо 3 окуучу «Алтын тамга» аттестатына татыктуу болду

Turmush -  Каракол шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 3 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Апышева билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Апышеванын айтымында, 7 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатын алууга сынак тапшырган.

«Алардын ичинен №1 инновациялык мектеп-гимназиясынан Анвар Муслимов жана №3 мектеп-гимназиясынан Алия Жолдошбекова "Алтын тамга" аттестатына ээ болушту. Аны менен катар Т.Сатылганов атындагы мектеп лицей интернатынан 1 окуучу «Алтын тамга» аттестатына татыктуу болду», - деди ал.

Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар 23-июнда тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×