Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.06.2016 11:14

Министр Түп райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Б.Асанбекованы бошотту

Turmush -  Бермет Асанбекова Түп райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгерлигинен бошотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасына саламаттыкты сактоо боюнча Ысык-Көл облусундагы координатор Эсенбек Сатылганов билдирди.

Б.Асанбекова

Бермет Асанбекова

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аталган ооруканага комплекстүү текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кемчиликтер аныкталды.

Башкы дарыгерди бошотуу тууралуу тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 3-июнда кол койгон.

Бермет Асанбекова учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан жолдошунун жанында.

Окуя тууралуу:

Ысык-Көл облусунун Түп райондук төрөт үйүнүн имаратынын алдында ушул жылдын 9-февралында жаңы төрөлгөн ымыркайын жоготкон үй-бүлө нааразычылык акциясына чыгышкан.

Митингдин катышуучулары көңүл коштук менен ымыркайдын өлүмүнө (ымыркай 15 күн жашаган) себепкер болгон дарыгерлерди жана төрөт үйүнүн жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Жаңы төрөлгөн кызын жоготкон ата-эне Түп райондук төрөт үйүнүн алдында туугандары менен чогулат

Фото - Түптө жаңы төрөлгөн кызын жоготкон үй-бүлө төрөт үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×