Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.06.2016 12:06

Элдик уламыш: Ак-Суу районунда Манас баатырдын атынын изи калган таш сакталуу (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылында Манас ата дүрбү салган «Тулпар-Таш» аталган чоң таш орун алган. Бул тууралуу Т.Асанбаев атындагы мектептин тарых мугалими Жыпаргүл Абдраимова билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ж.Абдраимованын айтымында, элет эли үчүн бул таш чоң сыймык. Анткени, ал таштын үстүндө Манас атанын Аккуласынын издери калган деп айтылат.

«Таш кайсыл мезгилге таандык экени белгисиз, бирок Манас ата аты менен таштын үстүнө чыгып, дүрбү салып турганы айтылат. Таштын бийиктиги 8 метрди түзөт. Айылга келген туристтер таштын жанында сүрөткө түшүп кетишет», - дейт ал.

Элеттик мугалим бул таштын ыйыктыгы тууралуу маалыматтар айыл жөнүндөгү китепке кошула турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×