Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу 26.05.2016 14:07

Караколдо 47 айылдын тургундары продукцияларын саткан дүкөн ачылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустун тургундары колго жасаган буюмдар менен азык-түлүктөрдү саткан дүкөн кеңейтилип, ачылыш аземин өткөрдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиев, шаар тургундары, ишкерлер катышты.

Дүкөндө облустун тургундары жүндөн жасаган буюмдар, зер буюмдар, балчылар өндүргөн бал жана башкалар сатылат.

«Жумушу жок үйдө олтурган айымдарга жакшы экен. Колго ар кандай буюмдарды жасап, аны бул жерден сатууга да болот. Кардарлары да бар. Мен жүндөн үйгө кийгенге бут кийимдерди жасайм. Алар жакшы сатылат», - деди Бактыгүл Эмилбекова.

Тургундар жасаган буюмдар Япония жергесине да экспорттоло турганын Япониянын эл аралык кызматташуу агентигинин туруктуу өкүлү Казухико Кикучи билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×