Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.05.2016 09:00

Балыкчынын жаңы мэри А.Мамбетовдун резюмеси

Turmush -  Кечээ, 25-майда Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары мэрди шайлады. Шайлоо саат 09:30да башталып, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Мамбетов Алмаз Ишенбекович Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шайлоого жалпы 31 депутат катышып, анын ичинен 29 депутат А.Мамбетовдун талапкерлигин колдоду. Ал эми 2 депутат каршы чыккан.

IMG-20160525-WA0191

А.Мамбетов 1976-жылы Бишкек шаарында туулган.

- 1994-1999-жылдары Кыргызстандагы эл аралык университетти аяктаган, адистиги — «Дипломатия жана эл аралык мамилелер»;

- 2013-2015-жылдары Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаган, адистиги — «Мамлекеттик саясат жана башкаруунун жогорку мектеби»;

- 2000-2002-жылдары КРнын Тышкы иштер министрлигинде КМШ өлкөлөр департаментинде секретарь-референт;

- 2002-2004-жылдары Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын жардамчысы;

- 2004-2008-жылдары КРнын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун үчүнчү катчысы;

- 2008-2009-жылдары «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетектөөчү жана башкы адиси;

- 2009-2010-жылдары «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын иш башкаруучусу;

- 2011-жылы (май-сентябрь) Бишкек шаардык мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;

- 2011-2014-жылдары жеке ишкер;

- 2014-жылдан тартып «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» жоопкерчилиги чектелген коомунун PR бөлүмүнүн башкы адиси.

А.Мамбетов дипломатиялык рангда атташе. Лондон (Улуу Британия) жана Куала-Лумпур (Малайзия) шаарларында дипломатиялык курстардан окуган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×