Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.05.2016 09:20

Ысык-Көлдө ушул жылдын 3 айында электр энергиясына болгон карыз 256,7 млн сомду түздү

Turmush -  «Чыгыш электр» ААКсы боюнча электр энергиясын жоготуулар 16,8%ды, дебитордук карыздар 23,5%ды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка караганда, «Чыгыш электр» ААК боюнча электр энергиясындагы жоготуулар ушул жылдын 1-кварталында 56,8 млн. кВт саатты же болбосо 16,8%ды түзгөн.

«Облус боюнча дебитордук карыздар 256,7 млн. сомду түзүп, 48,4 млн. сомго көп болгон же 23,5%ды түзгөн. Бюджеттик уюмдардын карызы 28,7 млн. сомду түзүп, 17,1 млн. сомго көп болгон же 147,5%га жеткен», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×