Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.05.2016 13:46

Караколдо К.Тыныстановго арналган адабий кече өттү (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Т.Сыдыкбеков атындагы облустук китепканада кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, акын, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун чыгармаларына арналган адабий кече өтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага жогорку окуу жайдын студенттери, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик окуу жайынын тарых кафедрасынын мугалимдери катышууда.

«Тарых жана маданият жылына карата тарыхый инсандардын баскан жолун, өмүр таржымалы, чыгармаларын камтыган иш-чараларды өткөрүүнү пландаганбыз. Биринчи иш-чаранын каарманы катары Касым Тыныстановду тандадык», - деди китепкананын жетекчиси Самара Мусабекова.

Иш-чарада студенттер университеттин мугалимдеринен биринчи профессордун өмүр таржымалы боюнча маалыматтарды алышты. Ошондой эле К.Тыныстанов 1928-жылы латын алфавитинде жазган «Эне тил» жана башка китептери коюлган көргөзмө уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×