Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.05.2016 11:00

Элдик уламыш: Кышында 2 суунун тоңгон музунан улам аталган Ак-Булуң айылы (фото)

Turmush -  Аймактык кабарчы Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынын таржымалын тактаганга аракет кылды. Айылдыктардын айтымында, элеттин аталышы 2 суу менен байланыштуу.

«Айылдан Түргөн дарыясы менен Жыргалаң суусу агып өтөт. Экөө кошулган жер кышкысын аппак муз болуп жайылып турат. Жайкысын чийлер өскөндүктөн, анын түсүнөн улам тоо этегинде жашаган ата-бабаларыбыз бул жерди Ак-Булуң», - деп атап коюшкан деди Ак-Булуң айыл аймагынын башчысы Талапкер Жакупов.

Элетте Сарке атанын тукумдары жашайт. Сарке баатыр мындан 500 жыл мурда жашап, кыргыз чек арасын тактагандардын бири болгон.

«Ал кыргыздарды душмандан коргогон баатыр болгон. Кыргыз чек араларын бөлдүрүп, чек араларга белги таштарды койдурган. Бул таштар азыркы күндө да бар», - дешет элеттиктер.

Учурда айылда 2239 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×