Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.05.2016 09:54

Элдик уламыш: Тамга айылынын аталышы XIV кылымдагы ташка чегерилген жазуу менен байланыштуу (фото)

Turmush -  Аймактык кабарчы Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынын аталышы жөнүндө маалыматтарды топтоду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдын аталышы жөнүндө 2 уламыш айтылат. Биричиси Эр Табылды баатыр менен байланыштуу.

«Окумуштуулар таштагы жазуу XIV кылымга таандык экендигин изилдеп чыгышкан. Андагы жазууну Эр Табылды баатыр бастырган деп айтылат. Эр Табылды Чалкалмак чаап кеткен жылкыларды кайра алып келе жатканда ушул жерден жылкыларга тамга бастырган экен. Андан кийин ташка "сапарыбыз байсалдуу болсун" деген жазууну жаздырыптыр», - деди айыл тургуну Шайыр Түлөкабылов.

Экинчи уламыш боюнча илгери Тибеттен келгендер өз динин жайылтуу үчүн ташка чегерилген жазууларды калтырышкан.

«Бул биздин заманга чейин 3 кылымда тибеттиктердин санскрит тилинде жазылган сөз экен. Тибеттиктер борбордук Азияга келе жатканда ушул коктудагы ушул ташка жазып кеткен, деген сөздөр айтылат», - деди жергиликтүү тургун Нурлан Жоомартов.

Жазуу бар таш айылдан 10-15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жерге жайкысын эс алуучулар, туристтер көп келет. Айыл деңиз деңгээлинен 1624 метр бийиктикте орун алган. Учурда элетте 1300 түтүн эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×