Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 30.04.2016 16:16

Түптө «Жылдын мыкты мугалими-2016» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Түп районунда «Жылдын мыкты мугалими-2016» сынагы жыйынтыкталды, деп маалымдалды Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Берилген маалыматка ылайык, сынак окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзгөн мектептерде өз-өзүнчө өткөрүлдү.

Жалпысынан сынакка 34 мектептен мыкты делген мугалимдер катышып, 14 мектептин мугалимдери марага чыкты.

Кыргыз тилинде окуткан мектептер арасынада, баш байгени Эгембердиев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын окутуучусу Кундуз Нуракунова жеңип алды.

1-орунду Чоң-Таш айылдык орто мектебинин кыргыз тили мугалими Ракымбек кызы Гулира, 2-орунду Мамбетсеитова атындагы орто мектебинин мугалими Гүлмира Исаева, 3-орунду Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин мугалими Рахат Желдеңбаевалар ээледи.

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасында баш байгеге Түп айылдык орто мектебинин англис тили мугалими Венера Алымжанова ээ болду.

1-2-3-орундарды Кайкин орто мектебинин англис тили мугалим Айдай Усупбаева, Ж.Мукамбаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Нургүл Имангазиева, К.Үсөнбеков атындагы орто мектептин тарых мугалими Зарина Суюнова ээледи.

Жеңиш ээлерин райондун акими И.Кожалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Такаев жана билим берүүнүн жамааттык кошуунунун комитетинин төрагасы М.Сыдыков тапшырып, ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×