Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.04.2016 14:55

Түптө 5 мектептин окуучулары менен ата-энелери «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында күч сынашты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда ЮСАИД эл аралык уюмунун «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк китеп күнүнө арналган сынак өттү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, сынакка райондон тандалган 5 мектептин окуучулары ата-энелери менен катышты.

Алгач А.Карымшаков, Ж.Мукамбаев, А.Кайдуев, В.Кайкин жана Т.Шевченко атындагы орто мектептердин жаш таланттары жомоктогу каармандардын образы менен параддан өттү.

В.Кайкин орто мектебинин 3-4-класстарынын окуучуларынан түзүлгөн комузчулар ансамбли, А.Карымшаков мектебинин «Сударушка» орус элдик бийи сынактын катышуучуларына музыкалык колдоо көрсөтүп турду.

Катышуучулар окуган китептериндеги жомокторду да сахналаштырып көрсөттү. Жомоктордун каармандарын пластилинден, кагаздан жана сүрөт аркылуу чагылдырган сынакка 30 окуучу катышып, ар бири каармандарына кыскача мүнөздөмө берди.

Сынактын соңунда активдүү катышкан окуучулар менен ата-энелерге китептер, сүрөт тартууга керектүү каражаттар сыйлык катары берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×