Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.04.2016 14:49

Каракол шаарынын жаңы шайланган депутаттары мандаттарын алды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Каракол шаардык кеңешинин жаңы курамындагы депутаттарга мандаттар берилүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

27-чакырылыштын биринчи сессиясында 2 маселе каралат. Алардын биринчиси — депутаттардын укуктарын таануу жана шаардык кеңештин төрагасын шайлоо. Сессияга 31 депутаттын ичинен 30у катышып жатат.

Сессиянын башталышында шайлоодо утулуп калган партиялар эл өкүлдөрүн куттуктап кетишти.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын 27-мартында өткөн Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бекитүү жөнүндөгү №76 токтомун тааныган. Шаардык кеңештин курамын 31 депутат түзөт.

Каракол шаардык кеңештин жаңы курамы:

«Табылга» саясий партиясы

1. Акимканов Туратбек Жакшылыкович

2. Махмутов Фархат Равильевич

3. Жаныманова Рысгүл Токтошевна

4. Бараков Акбарбек Садырбекович

5. Сагымбаев Мирбек Өмүрбекович

6. Хурова Галия Ринатовна

7. Айсаракунов Эрлан Асанкадырович

8. Айтбаев Азамат Туратбекович

9. Кожонова Гүлнара Асанкуловна

10. Жампеишов Руслан Жумашович

11. Эгембердиев Курманбек Шапыкович

12. Исмаилакунова Элмира Асанкадыровна

13. Ишембиев Канатбек Абылович

КСДП  

1. Чыныбеков Максатбек Зарылбекович

2. Моңолдоров Дамир Черикович

3. Баратова Роза Аскеровна

4. Маанаев Токтобай Исраилович

5. Калмакиев Каныбек Турсуналиевич

6. Исламова Аваз Мелисовна

«Кыргызстан»

1. Сапаров Улан Бектурович

2. Алжанбаев Фархат Абдыхамитович

3. Сабатаров Бейшен Абакирович

4. Кыргызбаев Жумабек

«Республика - Ата Журт» 

1. Өскөнбаев Сеит Садырович

2. Аматов Савурджан Асанович

3. Баратова Натипа Адылгазиевна

4. Раматов Марат Садинович

«Өнүгүү Прогресс»

1. Абдубалиев Кубанычбек Сабырович

2. Жолочиев Сергекаалы Асангалиевич

3. Жылкыбаев Кайрат Жоомартович

4. Мамбетов Кубанбек Жаманкулович

Аталган партиялардын топтогон добуштары:

- «Табылга» — 28,5%;

- КСДП — 14%;

- «Кыргызстан» — 10,2%;

- «Республика — Ата Журт» — 9%;

- «Өнүгүү - Прогресс» — 8,3%.

Шайлоого Каракол шаарындагы жалпы шайлоочулардын 42%ы катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×