Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.04.2016 12:58

Ак-суулуктар кара тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө салкын мамиле жасоодо

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кара тумоого каршы эмдөөдөн 567 гана адам өттү, деп маалымдалды райондук жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борборунан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, райондогу Сары-Жаз өрөөнүндө кара тумоо илдетинин очоктору табылып, учурда жергиликтүү тургундарды эмдөө иштери жүрүүдө.

Андыктан Сары-Жаз өрөөнүндө туруктуу жашаган, ошондой эле убактылуу барып жашап-иштеп жаткан 2 жаштан жогорку курактагы жарандар эмдөөдөн өткөрүлөт.

Ал эми өрөөнгө келүүнү көздөгөндөр 30 күн мурун аталган илдетке каршы эмдөөдөн өтөт.

«Тийиштүү санитардык тапшырмалар берилгендигине карабастан Октябрь, Бөрү-Баш, Кара-Жал жана Тепке айыл өкмөттөрү ушул күнгө чейин Сары-Жаз өрөөнүндө жашап-иштөө үчүн баруучу тургундардын тизмесин бере элек», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×