Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.04.2016 14:10

Элдик уламыш: Кароол-Дөбө айылынын дөбөлөрү кыргыздарды калмактардан сактап турган (фото)

Turmush -  Түп районундагы Кароол-Дөбө айылынын аталышы жөнүндөгү жоромол кыргыз-калмак согуштарына байланышкан. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айыл башчысы Курманбек Рыскелдиевден айылдын аталышы тууралуу маалымат алды.

Рыскелдиевдин айтымында, бир учурда кыргыздар менен калмактардын ортосунда байма-бай согуш болуп турган.

«Айылдын эли жоого каршы чыгууга даяр туруу үчүн айылдын башындагы дөбөгө от жагышкан. Анын асманга көтөрүлгөн түтүнү, "жоо келе жатат" деген белги болгон. Айылга чейин мындай дөбөдөн экөө бар. Жоону көргөндө алгач биринчи дөбөдөн от жагылып, аны көргөндө экинчи дөбөдөн түтүн чыгып, алардагы түтүндүн белгисинен үчүнчү дөбөгө от жагылып, жоо келе жатканы кабарланчу», - деди ал.

Учурда айылда 1250 адам жашайт. Элеттегилер негизинен бир атанын тукумдары деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×