Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.04.2016 11:44

Караколдо Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү белгиленет

Turmush -  Адамдын бөйрөк оорусу тууралуу мындан 11 жыл мурун көтөрүлгөн көйгөй азыркы күндө да курч бойдон калууда. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы нефрологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Рыспек Калиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, бул жылы Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнүндө Кыргызстан балдардын бөйрөк оорусун алдын алууга карата иш-чара уюштурат.

«Дүйнө жүзүндөгү жалпы калктын 10%ы бөйрөк ооруларынан жабыр тартып келет. Биздин Кыргызстан боюнча мындай илдетке кабылгандардын саны 600 миңди түзөт. Мунун ичинен 6 миң бейтаптын оорусу жыл сайын күчөп, ири суммадагы каражатты талап кылууда. Бөйрөк оорусуна кабылгандардын негизги бөлүгүн жаштар түзүп, инфаркт, инсульт, жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болуп жатат. Мындан улам бул оорунун алдын алуу менен жарандардын саламаттыгына салым кошо алабыз. Мисалы диализге жана бөйрөктү алмаштырууга ар бир бейтаптын каражаты жетише бербейт. Мындан улам биз ооруну алдын алууга үндөйбүз», - деди профессор.

Ал белгилегендей, ар бир жаран оорусу тууралуу дарыгерге канчалык эрте билдирсе, дарылоо ошончолук жеңил жана ийгиликтүү өтөт.

«Ар бир операцияны жасоо — бөйрөктүн иштешинен көз каранды. Эгер адамдын бөйрөгүнүн функциясы жакшы болсо, кайсы органга операция жасалбасын сакайып кетүү жеңил болот. Дарыгер да көп кыйналбайт», - деди Рыспек Калиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×