Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.04.2016 12:20

Элдик уламыш: Аян менен мечит курулган Сары-Дөбө айылы (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылынын аталышы жөнүндөгү маалыматты аймактык кабарчыга айылдын 87 жаштагы аксакалы Акен ажы Батырканов баяндап берди.

«Бул айыл түптөлө электе азыркы мечит турган жерде үстүн сары чөп баскан чоң дөбө бар эле. Биз бала кезде жыйналыш же бир маанилүү иш-чара болгондо эл  айттырбай эле ошол дөбөгө чогула калчу. Айыл түптөлгөндө бул жердеги жашоочулар турмушубуздагы көп окуяга күбө болгон сары дөбөнүн атынан айылды Сары-Дөбө деп атап алды», - деди аксакал.

Аксакал 2013-жылы айылда мечит курулганда сырдуу окуя болгонун кошумчалады.

«Анда мечит курула элек кез. Айылдын 61 жаштагы тургуну Дүйшөнкул Сөлпиев мага келип "мага мечит кур деген аян түшүп жатат, мен кайсы каражатыма курам?" деп айтты. Чын эле кайсы каражатыңа курмак элең деп койдум.

Дагы бир күнү кайра азыркы курулган мечиттин сүрөтүн дептерге тартып алып, "Акен мага так ушундай мечит курасың деген белги болуп жатат" деп келди. Мурда сүрөт тартып көрдүң беле десем жок деди. Эртең курман айтка кел, намаздан кийин айыл аксакалдарына айтып көрөйүн дедим. Дүйшөнкулдун айтканын ортого салсам, теңтуштары шылдың кылып күлүштү.

Дүйшөнкул да элге түшүн айтып, сүрөттү көрсөттү. Акыры айыл тургундары демилгени колдоп, мечитти куруу иштерин 3 күндөн кийин баштамак болдук. Үч күндөн кийин мечиттин пайдубалын казып жатсак кимдир бирөө "трансформатордо Аллах деген сөз жазылып турат" деп кыйкырды. Чын эле трансформатордун бетинде "Аллах" деген сөз араб тилинде жазылып туруптур.

Мечиттин дубалы курулуп, үстү жабылып, эшиктери орнотулганда Бишкектеги туугандарга терезе салып жибергиле дедик. Алар Бишкектен айнек ташыгандарга араң макулдашып, айнекти салып жиберишет. Жолдон унаа кырсыкка учурап, унаадагы бардык айнектер сынып, мечитке алынган айнектер гана сынбай калыптыр. Ошентип заңгыраган мечит курулуп бүттү», - деди Акен ажы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×