Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.04.2016 17:13

Ысык-Көлдө окуучулар менен авария болгон унаанын 14 жаштагы жүргүнчүсү Бишкектеги ооруканага которулду (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү авариядан оор жаракат алган 14 жаштагы Алтынай Окенова Бишкек шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Түп райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери Бермет Асаналиева билдирди.

Авариядан кийин Бишкек шаарынан дарыгерлердин бригадасы чакырылып, жабырлануучу 7-апрелде борборго которулду.

«Учурда ал жандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», - деди дарыгер.

Окуя тууралуу:

Ысык-Көл облусунун аймагында 4-апрелде окуучуларды ташып бара жатан унаа авария болгону маалымдалган.

Түп РИИБдин маалыматына ылайык, Түп—Каракол унаа жолунда бара жаткан «Тойота Эстима» унаасы Маяк айылы тараптан саат 14:40 чамасында башкаруусун жоготкон.

«Жолдун жээгинде асфальт жок. Жаандан кийинки ылайдан улам айдоочу унаанын башкаруусун жоготкон. Унаа атайын жайга токтотулуп, кырсыктын себептерин тактоо иштери улантылып жатат», - деп айтылат РИИБдин билдирүүсүндө.

Унаанын ичинде 8 окуучу, алардын машыктыруучусу жана айдоочу болгон. Маяк айылында жашаган окуучулар Түптө өткөн жеңил атлетика боюнча мелдешке катышып, айылына кайтып келе жаткан.

А.Океновадан башка жеңил жаракат алган 3 окуучу ооруканага жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×