Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.03.2016 10:36

Балыкчыда чакан жана орто ишканалардын 80%ын аялдар жетектейт

Turmush -  Балыкчыда 360 чакан жана орто ишканалар болсо, алардын 80%ын аялдар жетектейт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Балыкчы шаарындагы ишкерлер ассоциациясы маалымдады.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарында 360 чакан жана орто ишкана бар. Аларга шаарда өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30%ы туура келет. Аталган ишкерлер эмерек, сүт азыктарын, нан, кондитердик азыктарды, таттуу токочторду жана кийимдерди өндүрөт. Айрымдары коомдук тамактануу жайларында, дүкөндөрдө, дарыканаларда жана башка тейлөө жайларында иштешет.

«Мындай ишканалардын 80%ын аялдар жетектейт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×