Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу 22.03.2016 15:21

Ысык-Көл облусунда кургак учук илдетине чалдыккандар көбөйүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 2 айда кургак учукка 71 адам кабылды. Бул тууралуу облустук жыйында Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Эсенбек Сатылганов билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сатылгановдун айтымында, былтыр облуста 29 адам кургак учук менен ооруган.

Кургак учуктун өсүшү былтыркы жылга салыштырмалуу Ак-Суу районунда 3төн 12ге чейин, Жети-Өгүз районунда 5тен 18 учурга чейин өстү. Ал эми Тоң районунда былтыр 4 учур катталса, быйыл 19 учурга чейин өстү.

«Бул өсүштү диагностиканын жакшырышы менен да түшүндүрсөк болот. Анткени 2015- жылы какырыкты компьютерлештирилген ыкма менен текшерүүчү «ЖЭН- Эксперт» аппараты алынган. Бул жабдуу ооруну текшерүүдө дээрлик ката кетирбейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×