Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.03.2016 16:26

Элдик уламыш: Жети-Өгүздүн Кытай айылы Т.Айтматовдун демилгеси менен негизделген (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кытай айылынын негизделиши 1924-жылдарга барып такалат. Кытай айылынын жана райондун «Ардактуу атуулу» наамынын ээси Зейне Дыйканбаева бул айылда кыргыздын кытай уруусунан тарагандар отурукташкан, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Анын айтымында, Талас жергесинен бир жаран Ысык-Көлгө келип жашап калат. Ал адам үйлөнүп, тукум улап, урпактары көбөйгөн. Аны жергиликтүүлөр кытай уруусунан деп билишчү.

«1924-жылы Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн кезде жер-жерлерде айылдар уюштурула баштаган. Ошондо белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов жер ченегич болуп иштеп турган. Ошол киши кытай уруусун бириктирип, айыл түзөлү деген демилге көтөрөт. Алгач айыл Саруу айылынын жанына негизделсин деген сунуш болот. Бирок ал жер тар болгондуктан Жети- Өгүз менен Жан-Булак айылынын ортосуна айыл уюштуруу каралат. Ал жер да тардык кылат деген пикирден кийин айылдын азыркы орду берилген экен.

Кытай айылы негизделгенден кийин облустун ар кайсы жеринде жашаган кытай уруусундагы кыргыздар келип отурукташа баштайт. Бардыгынын башы бириккенден кийин кара кой союлуп, канга бары колун салып, кан достугу болсун, ынтымакта бололу деп ырымдашат. Бирок Желе-Дөбө айылында жашаган кытай уруусунун 100 тургуну иш-чарага келбей калган», - деди З.Дыйканбаева.

Ал кошумчалагандай, айыл 1930-жылдарга чейин Кытай айылдык кеңеши болуп, ага биринчи жолу Мамбет Мырзакунов төрагалыкка дайындалган. Андан кийин колхоздоштуруу башталып, Л.Каганович колхозчу болуп калган.

1959-жылдары Кытай Жон-Булак айылына кошулуп, Кызыл-Туу колхозу болсо, 1966-жылы райондогу 5 айыл биригип, Достук колхозу түзүлгөн. Учурда айыл Ырдык айыл өкмөтүнө карайт.

IMG-20160316-WA0165

IMG-20160316-WA0162

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×