Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.03.2016 13:51

Караколдо жаңы ачылган жашылдандыруу ишканасына 10 млн сом бөлүндү

Turmush -  Каракол шаарында быйыл ачылган жашылдандыруу ишканасына шаардык бюджеттен 10 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Каракол шаардык кеңишинин төрагасы Автандил Абдыкадыров билдирди.

А.Абдыкадыровдун айтымында, бул каражатка жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле эски техникалар оңдолот.

«Ошондой эле гүлдөрдүн түрүн өстүрүүчү күнөскана курулат. Бардыгы ушул каражаттын эсебинен болот», - деди ал.

Шаардык кеңиштин төрагасы буга катар эле аталган ишкана мурда менчиктештирилип кеткен жер тилкелерин кайтарып алып жатканын белгиледи. «Учурда сот аркылуу 45 кишиге берилген жерлерди алдык», - деп кошумчалады Абдыкадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×