Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.03.2016 09:21

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү элеттик айымдар жашылча, туздоо, кыям жасоо, тигүүчүлүк менен каражат табууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздөгү элеттик айымдар азык-түлүктөрдү чыгаруу менен каражат табууда. Turmush басылмасынын кабарчысы Аң-Өстөн айылындагы айымдардын ишине күбө болуп келди.

42 жаштагы Гүлайым Сейитказиева 2010-жылдан бери элеттик айымдарды ишке тартуу, айылда өндүрүш тармагын өнүктүрүү багытында иш жүргүзүп келет. Учурда аны менен чогуу 10го жакын айым эмгектенип, алардын айрымдары тигүү цехинде иштесе, кээ бирлери чычырканактан кыям жасайт. Ошондой эле жайкысын жашылча туздоо менен алектенишет.

Алардын продукцияларына суроо-талап арбын. Өткөн жылы 150 даана банка чычырканак кыямын чет элдиктерге 250 сомдон сатышкан. Аны менен катар сүт азыктарын жасап, жашылчаларды туздап, аларды райондун борборуна, Каракол шаарында келишимдин негизинде сатып өткөрүшкөн. Учурда Гүлайым Сейитказиева демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишти күчөтүп, айыл тургундарын дагы жумуш орду менен камсыз кылууну максат кылууда.

Мында иштеген айымдар жасаган эмгегине жараша айлык алышат.

Сейитказиеванын айтымында, азыркы негизи маселе – тастыктама алуу. Эгерде ал ишке ашса сапаттуу өндүрүлгөн азыктарды чет өлкөлүктөргө сатуу пландалып жатат.

Ишкер айым кесиби боюнча тигүүчү. Азыр элеттик жаш келиндерге тигүүчүлүктүн сырларын үйрөтүп, мектеп формаларын жана улуттук кийимдери тигип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×