Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу 03.03.2016 13:02

Жети-Өгүздө кыргыз орнаменттери менен кыш чыгарган ишкана жардам сурайт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын муниципалдык ишканасы кыш (кирпич) бышыруучу аппарат сатып алууга Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 450 миң сом сурап жатат. Бул тууралуу Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетов билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы. Р.Эшмамбетовдун айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп, каражат бөлүү маселеси каралууда.

Ал эми аталган ишкананын жетекчиси Мекенбек Осмоналиевдин айтымында, ишкана толук кандуу иштеп кетишине эки меш керек. «Ошондой эле мештер электрдик болгондуктан трансформатор орнотуу зарыл», - деди ал.

Трансформаторлор кубаттуулугу 250 кВт сааттык болуп, баасы 400 миң сом турат, деп кошумчалады ал. Бул ишканадан 4 түрдүү кирпич чыгарылып, даанасы 6 сомдон 10 сомго чейин сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×