Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.02.2016 14:40

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан предметтик олимпиада эң мыкты 44 окуучуну республикалык турга жөнөтөт

Turmush -  Каракол шаарында райондордон тандалган 337 окуучунун катышуусунда предметтик олимпиаданын облустук туру өтүп жатат. Жогорку класстардын окуучулары 2 тур менен 10 предмет боюнча билимин сынайт.

«Калыстар тобу облустук билим берүү институтунун өкүлдөрү жана Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессордук жана педагогикалык курамынан түзүлгөн», - деди облустук билим берүү институтунун жетекчиси Жеңиш Урумов.

Жыйынтыгында 1-орундарды ээлеген 44 окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×