Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 19.02.2016 14:52

Фото - Балыкчыдагы 2936-аскер бөлүктө атылган октон жаракат алган катардагы жоокер

Turmush -  Балыкчы шаарындагы 2936-аскер бөлүктө атылган октон жаракат алып, ооруканага жаткырылган катардагы жоокер Билал Икрамов менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешип кайтты.

Билалдын айтымында, аскер бөлүктө 20-февралга белгиленген примьер-министрдин иш сапарына карата даярдыктар жүрүп жаткан. Ал эми кечээ, 18-февралда Башкы штабдан текшерүү жүрмөк.

Маалыматка ылайык, аскер бөлүктө ок атуу даярдыктары бүтүп, мылтыктар үкөккө салынган. Бир мылтык иштебей калгандыктан сержант Билалды аны оңдотуп келүүгө жөнөткөн. Оңдолгон мылтык менен дөңдөн түшүп келе жаткан учурда жоокерге карата белгисиз тараптан ок атылып, бутуна тийген. Ок атылгандан кийин жоокерлер жабырлануучуну саат 15:00 чамасында ооруканага жеткиришкен.

Башкы штаб учурда окту ким чыгарганы иликтенип жатканын маалымдады.

Мурда маалымдалгандай, окуя кечээ, 18-февралда болгон. Аталган аскер бөлүктө эки жолу ок чыгарылган. Атылган октон башына жаракат алган катардагы жоокер Д. бүгүн, 19-февралда саат 10:55те ооруканадан каза болду.

Окуя тууралуу:

Балыкчы шаарындагы 20636-аскер бөлүктө кечээ, 18-февралда саат 14:30да атылган октон катардагы жоокер — 1995-жылы туулган И.Б. бел тарабынан жаракат алган.

Ушул эле күнү саат 17:45те ок атуучу куралды этиятсыз пайдалануудан улам шашылыш кызмат өтөөгө чакырылган катардагы жоокер М.Д. башынан жаракат алган.

Башкы штабдын жетекчилиги аталган факты боюнча кызматтык иликтөөлөрдү баштап, Балыкчы горнизонунун аскер прокуратурасы окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×