Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 19.02.2016 11:10

Балыкчыдагы 20636-аскер бөлүктө атылган октон башына жаракат алган жоокердин абалы оор, - дарыгер

Turmush -  Балыкчы шаарындагы 20636-аскер бөлүктө атылган октон жаракат алган аскерлердин биринин абалы оор. Балыкчы шаардык оорукананын жетекчиси Жумабек Молдакунов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, катардагы жоокер Д. учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Ал 1997-жылы Чүй облусунда туулгандыгы такталды. Бейтап башынан жаракат алган», - деди дарыгер.

Бел тарабынан жаракат алган экинчи жоокердин абалы туруктуу.

Окуя тууралуу:

Балыкчы шаарындагы 20636-аскер бөлүктө кечээ, 18-февралда саат 14:30да атылган октон катардагы жоокер — 1995-жылы туулган И.Б. бел тарабынан жаракат алды.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы маалымдагандай, жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилди, абалы канааттандырарлык.

Ушул эле күнү саат 17:45те ок атуучу куралды этиятсыз пайдалануудан улам шашылыш кызмат өтөөгө чакырылган катардагы жоокер М.Д. башынан жаракат алган.

Башкы штабдын жетекчилиги аталган факты боюнча кызматтык иликтөөлөрдү баштап, Балыкчы горнизонунун аскер прокуратурасы окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×