Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.02.2016 18:24

Ысык-Көл облустук ооруканасынын кан тапшыруу борбору Бишкектеги борбордон айырмаланбайт, - саламаттыкты сактоо министри

Turmush -  Келечекте Кыргызстандагы ооруканалардын трансфузиология бөлүмү Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасындагыдай шартта болуусу керек. Мындай пикирин бүгүн, 5-февралда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Министр Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт жана трансфузиология бөлүмдөрү менен таанышып чыккан.

«Каракол шаарындагы кан тапшыруу борбору Бишкек шаарындагы борбордон эч кандай айырмаланбайт. Анын үстүнө ал төрөт бөлүмүнө жакын жайгашыптыр, мындай абал төрөт учурунда кан кетип кыйналган энелердин өмүрүн сактап калууга өбөлгө түзөт.

Келечекте Кыргызстандагы бардык ооруканаларда ушундай заманбап жабдыктар орнотулуп, жогорку шартка жетишебиз деп ойлойм», - деди министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×