Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.02.2016 13:33

Каракол шаарынын быйылкы бюджети болжол менен 207 млн сом болот

Turmush -  Каракол шаарынын быйылкы, 2016-жылдагы бюджети 207 млн сом болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинен билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, ал каражатты кайсы тармактарга бөлүү тууралуу атайын коомдук талкуулар болот. Биринчи коомдук талкуу 5-февралда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болот. Ага шаардагы бейөкмөт уюмдар, коомдук активисттер, шаар тургундары, мугалимдер, аксакалдар катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×