Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.02.2016 11:48

Караколдо Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам кызматынын унаасы тапшырылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында кечээ, 2-февралда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам кызматынын унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирет.

Пристань-Пржевальск, саясий партияларынын бири жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ортосундагы 3 тараптуу келишимдин негизинде унаа Пристань-Пржевальск шаарчасынын тургундарына тез жардамга келет.

Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары белгилегендей, учурда тез жардам кызматынын 2 унаасы жана 4 кызматкери бар. Алар физикалык жактан элди тейлөөгө жетишпей жатышат. 70 миң калкы бар шаарга кеминде 3 тез жардам унаасы керек. «УАЗ» унаалары эскирип, дайыма оңдоп-түзөөгө муктаж. Ошондой эле аларга күйүүчү май көп сарпталат. Ал эми сарамжалдуу унааларды сатып алууга мамлекеттин каражаты жок.

Пристань-Пржевальскта 2500 адам жашайт. СССР убагында алардын өздөрүнүн ооруканасы жана инфраструктурасы болгон. Бирок азыркы тапта унаанын жоктугу жана медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×