Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 01.02.2016 10:33

Түп районундагы 700 түтүн эл жашаган Күрмөнтү айылында ФАП жок, - айыл тургуну (фото)

Turmush -  Түп районундагы 700 түтүн эл жашаган Күрмөнтү айылында ФАП жок. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айылдын жашоочусу Гүлжан Асанова билдирди.

«Түп районунун Сары-Булак айыл аймагындагы Күрмөнтү айылында 700 түтүн эл жашайт, бирок оорулардын алдын алуу үчүн же болбосо мезгил-мезгили менен кездеше калуучу сасык тумоо жана башка жугуштуу оорууларды ооздуктоо үчүн жөнөкөй фельдшердик акушердик пункт (ФАП) жок», - дейт айылдын активист аялдарынын бири Г.Асанова.

Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы билдиргендей, бул маселе боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Бул көйгөйдү чечүү үчүн АРИСке долбоор жазып жатабыз», - деди Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×