Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 01.02.2016 09:59

«Элдик уламыштар»: Кытай кызына ашык болгон кыргыз жигити жана Ысык-Көлдө жашаган мүйүздүү эне: Токтоян айылынын касиети жөнүндө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылынын аталышы тууралуу эл ичинде 2 уламыш айтылып келет. Жергиликтүү тургундар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришкендей, уламыштардын бирөөндө кытай кызы менен кыргыз жигитинин сүйүүсү тууралуу баяндалат.

Жоокерчилик заманда туткунга түшүп калган кыргыз жигит кытайдын Ян аттуу кызын сүйүп калат. Кыз да аны жактырып, качып чыгышат. Алар азыркы Токтоян айылына качып келишкенде артынан келген куугунчулар жигитти сабап, Янды кайра алып кетишет. Чала жан болгон жигит «Токто, Ян!» «Токто, Ян!» деп ачуу чаңырып ушул жерден жан берген экен. «Ошондон кийин Токтоян деп сайраган куш пайда болуп, качан гана конуштун атын Токтоян деп атап койгондон кийин ал куш жоголуп кеткен», - дешет.

Белгилей кетсек, Токтояндагы орто мектептин сакчысы Асангалый Сарыбаев «токтоян» деп сайраган куш жөнүндө жазылган гезиттин айрындысын Turmush басылмасынын кабарчысына көрсөткөн. Тамгалары борбордук гезиттики болгону менен толук текстин табууга мүмкүн болгон эмес.

Ал эми экинчи уламыш Ысык-Көлдү жердеген бугу уруусу менен байланыштырылат.

Ысык-Көлдү тегерете бугу уруусунун эли жайгашкан. Алар негизинен Арык, Мырзакул, Карамырза, Асан жана Токоч мырзалардан тарагандар. Карамырза менен Асан мырза Нарындагы Ала-Мышыктын тоосунан мергенчилик кылып жүрүп, мүйүздүү энени кармап келишет. Мүйүздүү эне ал кезде он алтыга чыга элек кези. Ким менин денемди биринчи жолу көрсө ошол үйлөнүшү керек деп Карамырзага кайрылат. Карамырза ошондо: «Баламдын баласындай болгон сага кантип үйлөнмөк элем? Муну улуубуз Арык абабыз чечсин», - деген сунуш киргизет. Бул жөнүндө санжырада кеңири айтылган. Мүйүздүү эне бала-чакалуу болуп, көл өрөөнү бугу эли аталып турган кезде мүйүздүү эненин касиети кеңири оозго алынат.

Ал азыркы Токтоян айылы аталган жерге келип: «Ушул жер аян токтогон жер экен, ушул жерди жердегиле!» деп азыркы Токтоян айылында жашаган Карамырза, Шапак жана Кудайменде уруусунун билермандарына айткан экен. Мүйүздүү эне каза болгондо да бекеринен сөөгү Токтоян айылынан небереси Кудайменденин колунан чыкпаса керек. Мүйүздүү эненин сөөгү боз үйгө коюлуп, эртеси тоону көздөй кишинин изи калып, кайып болуп кеткенин, азыр ошол жерде мүйүздүү эненин мазары бар экени айтылып келет. Ал эми айылдын аталышы аян түшкөн, кут түшкөн жер деп эсептелгендиктен «Токтоаян» деп аталып жүрүп, учурда Токтоян деп айтылып калган.

Мүйүздүү эненин ошол кездеги айтканы: «Токтоян — аян токтогон жер. Бул айылдан Карамырзанын жолун жолдогон кудайдын куштарынын тилин билген мүнүшкөрлөр, саяпкерлер жана "эр тайын тартат" дегендей эл бийлеген жээндери чыгат». Мындан улам жергиликтүү эл баатырлар, аалымдар жана кыргыз элинин керегине жараган азамат уул-кыздар чыгат деген.

Шапак баатыр жөнүндө китептер жазылса, түрк тилинин атасы болгон аалым Кусейин Карасаев, кыргыздын туңгуч дирижёру Шейше Орозов, «Манас» эпосун жыйноочу Жунуш Ырысов, Көл өрөөнү боюнча айылдык кеңештин алгачкы аял башчысы Сүйүмкан Меңматова, Кыргызстан боюнча жалгыз механизатор, Социалисттик Эмгектин баатыры Жамийла Дүйшеева жана Улуу Ата Мекендик согушта адам баласынын оюна келбеген эрдиктерди жасаган, легендарлуу чалгынчы, 18 немисти тирүүлөй кармап келген, сөөгү Россиянын Псков шаарына коюлган, аты Псковдогу Ручьевка, Токтоян айылдарындагы мектептерге жана Бишкек, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө берилген Ашырбай Коенкөзовдун ушул Токтоян айылында төрөлүшү мүйүздүү эненин айтканынын далили болуп жүрбөсүн деп божомолдошот.

Токтоян айылы күндөн-күнгө өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. А.Коенкөзов атындагы орто мектеп, А.Осмонов атындагы маданият үйү, ФАП жана ыймандуулукка чакырган мечит элге кызмат кылууда. 2015-жылы республикалык бюджеттен акча бөлүнүп, спорт залы бар, эки кабат заманбап 55 миллион сомдук мектептин курулушу башталып, биринчи кабатынын дубалы тургузулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×