Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.01.2016 11:34

Ысык-Көлгө Кумтөр алтын кенинен былтыр 453,7 млн сом которулган

Turmush -  Ысык-Көл облусуна «Кумтөр Оперейтинг компани» ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 2015-жылдын 12 ай аралыгында 453,7 млн сом которулган. Бул тууралуу облустук коллегияда өкмөт өкүлүнүн орун басары Акылбек Жаныбеков билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Жаныбековдун айтымында, ал каражат тармактар боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү: билим берүү тармагына 134 млн 741 миң сом; саламаттыкты сактоо тармагына 46 млн 993 миң сом; маданият тармагына 25 млн 226 сом; спорт тармагына 87 млн 635 миң сом; жол жана суу менен камсыздандырууга 138 млн 499 миң сом; киреше алып келүүчү долбоорлорго 27 млн 582 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×