Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.01.2016 16:08

«Элдик уламыштар»: Жети-Өгүздүн Кабак айылы жана Кабак баатыр (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда, Каракол шаарынан 25 чакырым алыстыкта Кабак айылы орун алган. Учурда ал жерде 1 миңге жакын тургун жашайт.

Кабак айылы кичинекей айылдардын катарына кирет. Элеттин узундугу 1 чакырым 27 метр, туурасы 500 метр болот. Ал Ысык-Көл көлүнөн 4-5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда Тынымсейит уурусу жашайт. Элеттин аталышы да бул уурунун баатыры менен байланыштуу.

Ормон хандын тушунда элетте Кабак деген баатыр болгон. Ал эл-журтту сактоодо көптөгөн эрдиктерди жасаган. Анын баатырдыгынан улам ысымы айылга ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×