Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.01.2016 10:52

Караколдогу таттуулардын 12 түрүн чыгарган кондитердик цехтин азыктары шаардын соода түйүндөрүнө таратылат (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы кондитердик цех ар кандай таттуу токоч, торт, печеньелердин 12 түрүн чыгарат. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Цех өкмөттүн 2015-жылдагы ар бир район, шаарларда 10 ишкана ачуу тапшырмасына ылайык ишке берилген. Аталган цех 2015-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Цехтин имаратынын биринчи кабатына соода түйүнү ачылган. Ал жерде башка азык-түлүктөр менен катар ушул цехте өндүрүлгөн кондитердик азыктар сатылат. Бул жерде чыгарылган кондитердик азыктар шаардын башка соода түйүндөрүнө таркатылат.

Цехти кайра оңдоп-түзөө жумуштарына жалпысынан 500 миң сом сарпталган. Цехте 20 жумуш орду пайда болуп, андагы жумушчулардын эмгек акылары 4-5 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×