Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.01.2016 14:42

Ак-Суу районунда Кызыл китепке кирген ак илбирсти аткан жаран кармалды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда 16-январда саат 22:00 чамасында Кызыл китепке кирген ак илбирсти аткан жаран анын териси менен кармалды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марс Иманакунов билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Иманакуновдун айтымында, илбирсти аткан жаран Ак-Суу районунун 1967-жылы туулган тургуну. Ал сырт өрөөнүндөгү Түргөн постунан аймактык тескөө бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү жана жаш өспүрүмдөр инспекциясы тарабынан кармалган.

Атылган илбирс болжол менен 1-1,5 жашта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×