Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.01.2016 14:33

Ысык-Көлдө былтыр 11 унаа уурдалып, 10у табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өткөн, 2015-жылы 12 ай аралыгында автоунааларды уурдап качуу боюнча 11 факт катталган. Бул тууралуу Ысык Көл ОИИБдин Жол кайгуул кызматы маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-Көл облусунда 2015-жылдын 12 айында автоунааларды уурдап качуу боюнча 11 факт катталган. Анын ичинен 10 фактынын бети ачылып, 1 факты боюнча автоунаа табылып, кылмышкер изделүүдө.

Облус аймагында 2015-жылдын 12 айында 9 жолу «Авторозыск-Костоправ», «Тосмо», «Каракчы» рейддери өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 47 протокол түзүлүп, 47 миң сомго айып салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×